Бишкек.17.12.2018.Govori.TV.
Кантта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) авиабазасында кызмат кылган аскердин сөөгү табылганын Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Маалыматкы ылайык, 15-декабрда Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу чыгып, кишинин ким экенин аныктаган.
Каза болгон жаран 39 жаштагы Россиянын жараны экени жана ЖККУнун «Кант» авиабазасында иштери аныкталды.
Учурда тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды. Алдын-ала маалымат боюнча маркум этил спиртине ууланып каза болгон.