Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиясы корутундусун чыгарды.
«Белгилүү болгондой мындай маселе биринчи жолу болуп жаткандыктан, чечим кабыл алуу өтө татаал болду. Бул маселе балким күзүндө көтөрүлмөк бирок, экс-президенттин акыркы жасаган билдирүүлөрү бул иштин ылдамдашына түрткү болду»,-деди ЖК депутаты Каныбек Иманалиев.
Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети тең удаа карап, дароо макулдугун берди.