• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Каныбек Иманалиев: «Кумтөрдө» тоо-кен казуу иштери туура пландаштырылган эмес

17 Бугу 2021 16:53 Бишкек Govori.TV

«Кумтөрдө» тоо-кен казуу иштери туура пландаштырылган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

«Эл аралык, экологиялык, юридикалык компаниянын бүтүмдөрү бар. Алардын 2012-жылкы корутундуларын «Кумтөрдү» иштеткен ишканалар аткарган эмес. Дүйнөдө мөңгүнүн үстүнө топурак жыйнаган ыкмалар жокко эсе. Демек, тоо-кен казуу иштери туура пландаштырылган эмес. Жылына колдонгон сууга бир тыйын төлөгөн жок, абанын булганышы дагы бар. Кумтөр кени иштегенден бери Нарын жана Ысык-Көл олбусундагы жашоочулардын экологиялык кесепеттен улам оорулары көбөйдүбү же азайдыбы эсептеп чыгуу керек»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат.

Количество просмотров: 103