• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Канышай Мамыркулова: Кайдыгер коомдо эне менен баланын укугу сакталбайт

5 Бештин айы 201718:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы акыркы окуялар өлкөдө үй-бүлө баалуулугу деген маселе орчундуу экендигин дагы бир жолу далилдеди.   

     Чубак ажынын айланасындагы маселе бышып жетилген, эртеби-кечпи ачыкка чыкмак. Калыстык үчүн айта кетели, ажы өзүнүн видеобилдирүүсү менен гана коомчулуктун талкуусуна «жем» таштап койду. Эгер анын ордунда катардагы жаран же саясатчы болгондо кадимкидей күндүн бүктөмүндө калып кетмек. Аалымдын эл арасындагы кадыр-баркы, анын адеп-ахлак жаатындагы сабактар жана мурдагы  берген маалыматынан улам, талкуу токтобой жаткандай таасир калтырат.

     Эзелтен аялзатын урматтаган кыргыз элинде байбиче-токол маселеси болуп келген. Муну жашырууга болбойт. Бул жагдайдан алып караганда Чубак ажы Жалилов ИИМдин кызматкерлеринин басымына ийилип,  эки ача пикирди билдирбей, экинчи жубайын коомчулуктун алдында коргоп алганда анын кадыр-баркы дагы бир топ көтөрүлмөк. Айтылуу Курманжан Датканын уулу Камчыбек аялынын кесилген чачы үчүн өлүмгө тике караганы тарыхта белгилүү. Демек, бул жагдайдан алганда, Чубак ажы аялзатын коргоодо алсыздык кылып койду деп айтууга негиз бар.

    Ал эми эс алып жаткан жеринен Чубак Жалиловду алып келип, алты саат суракка алып, андан кийин өздөрүнө ыӊгайлуу билдирүү тараткан ИИМдин аракетин кандай түшүнүүгө болот?   Азиза Абдрасулованын арызына байланыштуу Чубак ажыны сураган милиция дагы, ажы өзү дагы келиндин учурда коргоочусу жок калганын эске албай, Чубак ажы келинди «аялым» деп моюндаган жок. ИИМ маалымат таратып тим болду, ал эми «Саясат кж» жана башка маалымат сайттары ажынын жактоочусу Акин Токталиевдин оозу менен анын эки аялы теӊ коомчулуктун талкуусуна нааразы экендигин жазып чыгышты, болгону ушул. Эч бир тарап талкуунун бутагына айланган келиндин тагдырына кейиген жок.  Акырында ажы социалдык баракчасына билдирүү калтырганга аргасыз болду, бирок ал билдирүүдө келин тууралуу эч кандай маалымат жок. Буга караганда эми ал келиндин тагдыры таптакыр түшүнүксүз жагдайда экендигин байкоого болот.

Бул аралыкта социалдык тармактарда Чубак ажыны суракка алган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановдун дагы эки аялы бардыгы тууралуу талкуу жүрүп, ал актанууга аргасыз болду. Чубак ажыга жан тартып, пикир жазгандардын катарында эки аял менен күн кечиргендер бардыгы айтылды. Айтор, ушундай….

Чын-чынына келгенде өлкөдөгү көп саясатчылардын экинчи үй-бүлөсү бар экендиги коомчулукта жашыруун эмес. Ал гана эмес, карапайым адамдардын бир тобунда ушундай тагдыр. Жөнөкөй тил менен айтканда, кыргызга көнүмүш , кыргыз кыз-келиндеринин түшүнүксүз жана укугу аныкталбаган жашоосу. Алардан төрөлгөн балдардын так эмес келечектери.

Коомчулукту дүрбөлөнгө салган эки аял маселесинин демилгечиси Назира Бегим Президентке кайрылуу жазганы белгилүү. Кызыгы, шайлоо мезгилинде Чубак ажынын колдоосунан эбегейсиз пайдаланган Президент бул тууралуу азырынча ооз ача элек. Ажынын «бир топ депутаттардын экинчи никесин кыйгам» деген билдирүүсү жана бир топ депутаттардын аталган маселеге баш оорутпай жаткандыгы Кыргызстанда аялдардын укугу эч кимге кереги жок экендигин дагы бир жолу тастыктайт.

Ал эми атасы тепкилеген эки жашар баланын тагдырына кайрылсак, эки айга баш коргоо чарасы каралган атанын тагдыры эми коомчулуктун кароосуна коюлса, жыл башынан бери Кыргызстанда 101 ата-эне ал укугунан ажыраган.

Эске салсак, эки жыл мурун туугандарынан запкы жеген эки жашар Ибрагимдин тагдыры дагы коомчулуктун үрөйүн учурган. Андан бери наристелерге карата, болгондо дагы ата-энелеринин жана жакындарынын зомбулугу тыйылбай келет.  Өткөн айда Өкмөт башчы Сапар Исаков  Бириккен Улуттар Уюмунун Үйүндө өткөн «Гендердик зомбулукка каршы активдүү 16 күн» ар жылкы кампаниясынын ишке киргизилишине катышып, «Биз жалпыбыз биргеликте  аталган көйгөйдү чечүүбүз керек. Зомбулукту жоюу менен өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыздай алабыз. Алгач муну өзүбүздөн баштобуз керек», – деген эле. Бирок, Өкмөт тарабынан учурда бул маселе боюнча кандай иш-аракеттерди жасай турганы так эмес.

Бул аралыкта Караколдо алты жашар Фатима өгөй атасынын колунан каза таап, Ошто 6-класстын окуучусунун өлүмү белгисиз болуп турат. Баланын атасы өлтүрүүгө шектүү деп табылганы менен, туугандары жактап, маалымат жыйын беришти. Мындай үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган балдардын катары өсүүдө. Социалдык тармактарда талкуу жараткан окуялардын катарында ата-энеси чет элге иштеп кетип, суицидге барган балдардын тагдырлары дагы жок эмес.  Ал эми бизде мигранттардын балдарын укугун коргоону мындай коелу, мигранттар тууралуу мыйзам жок. Тактап айтканда, калктын мыйзам менен аныкталбаган катмары. Мындай абалда алардын балдары тууралуу кайдан кеп болот?  Кыргыз парламенти зомбулукка кабылган балдардын укугун коргоо үчүн Кылмыш кодекси менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү тууралуу эки жылдан бери талкуулап келаткан мыйзам долбоорун күзгө калтырып «мышык чычкан ойногону» белгилүү. Кыргыз бийлиги, мыйзам чыгаруу органы кайдыгер болгон бул темага калгандары жөн салды мамиле кылаары турган иш. Ал эми саясат социалдык жана укуктук ошондой эле экономикалык маселелерден улам «ырбап» кетээрин эске салсак, кыргыз бийлиги майда дебей, мани бере турган маселе. Анткени, армиядан мурун мамлекеттин өзөгүн үй-бүлө түзөт. Ар бирибизде эне, ар бирибизде бала бар. Кайдыгер коомдо балдардын жана аялдардын укугу тепселе бере турганын эске алсак, мындай орчундуу маселер четте калбашы керек…

 

 

 

 

Количество просмотров: 62