• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кар көчкү астында калган эки жаран изделүүдө

27 Бирдин айы 202219:52 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралына карата кар көчкү астында калган 2 кытай жаранын издөө күчөтүлгөн тартипте ӨКМдин куткаруучулары тарабынан уланууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам дайынсыз болуп, 26-февраль күнү унаа жолдогу туннелдин түндүк тарабынан 24 жаштагы кыргыз жаранынын жана туннелдин түштүк тарабынан 44 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылган.

Учурда калган 2 кытай жаранын табуу максатында иш уланууда. Бүгүн жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 52 куткаруучусу, «Чайна Роуд» ишканасынын 4 техникасы иш алып барууда. Аймакта аткарылып жаткан иштерди ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов жетектөөдө.

Буга чейин маалым болгондой, 14-февралда Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) 25 ирет кар көчкү түшүп, аталган жолду куруп жаткан «Чайна Роуд» ишканасынын 4 кызматкерин башкарып жаткан унаалары менен басып калган.

Количество просмотров: 144