• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кар көчкүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылды

26 Бирдин айы 2022 15:04 Бишкек Govori.TV

Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун 340-чакырымында көчкү басып калган А.К. аттуу жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

24 жаштагы маркумду туугандары менен куткаруу кызматы 14-февралдан бери издеп жатышкан. Куткаруучулар аны өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан.

Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан «Чайна Роуд» ишканасынын 4 кызматкерин унаалары менен басып калган. Учурда калган 3 кытай жаранын издөө жана унаа жолду тазалоо иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 340