7-мартта саат 11:30да «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн (кардын көлөмү такталууда).
Учурда жол убактылуу жабык.
«Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №9 Жол тазалоо ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, КР ӨКМнин Жайыл райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топ жана 129-чакырымда нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылган», — деп айтылат малыматта.
Кошумча маалымат берилет.