• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кар тазалоочу унаа жолтандабастын бир капталын кесип кеткен

15 Бирдин айы 2022 10:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 15-февралда саат 8:30да Койбагаров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кар тазалоочу унаа жолтандабастын бир капталып кесип кеткен. Жол кырсыгы каттоого алынып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилди.Жол кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.

Количество просмотров: 3972