«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды кардан, муздан тазалоого даяр. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, карды тазалоодо инерттик материалдардан техникалык туз колдонулуп, учурда кампада 4 миң 928 тонна туз бар.
«Туз себүү иштери шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө. Шаардын жолдорунун жүрүүчү бөлүгүн кардан тазалоо үчүн 39 атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 2 кум чачуучу машина, 2 алдыңкы жүктөгүч, 5 щеткалуу трактор жана 4 универсалдуу унаа тартылды», — деп айтылат маалыматта.
Жол боюндагы аялдамалардагы жана тротуарлардагы карды тазалоо иштерине 715 жол тейлөөчү, 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу тартылат.