• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек мэриясы жолтандабас сатып алуудан баш тартты

23 Аяк оона 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы автоунааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча шаардык кеңештин токтомунун долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын пикирин эске алуу менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан автоунааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча токтом долбоорун шаардык кеңештен чакыртып алууну тапшырды.

“2010-жылкы Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа Транспорт жана коммуникация министрлигине өткөрүлүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 164