Кара-Балта шаарында 14 жаштагы өспүрүм бассейнге чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «Тез жардам» кызматынан маалымат келип түшкөн. Анда Кара-Балта шаарындагы кышкы бассейндердин биринде өспүрүм чөгүп кеткендиги кабарланган.
«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, өспүрүмдүн чөгүп кеткенин аныкташты. Кийинчерээк маркум 2005-жылы туулган Н.Н. экени белгилүү болду. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тийиштүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталы», — деп айтылат маалыматта.