• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Балтада башы кесилген аялдын сөөгү табылды

22 Кулжа 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарында башы кесилген аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнда Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Кызматкерлер жеринде зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн, ошондой эле анын башы жок экенин аныкташкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен катталган.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө аялдын өздүгү такталган. Ал 47 жаштагы А.А. болгон.

Учурда милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында аялды таанып-билгендер менен иш алып барууда.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Количество просмотров: 4346