• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Балтада чогу жашаган 4 кыз жанын кыюуга аракет жасады

20 Үчтүн айы 2022 14:27 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарында жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыз ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январь күнү болжол менен саат 19:22 чамасында милицияга ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 1998-1996-1995-1987-жылкы төрт кыз дары ичип өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганы аныкталган. Аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткизилген.

Чүй облустук милициясы аталган иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

«Турмуш» сайты Кара-Балтада жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыздын бири кан тамырын кескенин, бир кыз оор абалда экенин жазды. Сайттын маалыматына ылайык кыздар бир батирде жашаган, алардын бири мындай кадамга үч эркек социалдык тармакка тараткан видео үчүн барышканы тууралуу кат жазып калтырган.

Количество просмотров: 470