• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Балтада курал-жарак катылган жашыруун жай табылды

15 Бугу 202616:23 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарынын четинен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жашыруун жай эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле курал-жарак, жардыруучу заттар жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталды.

Жашыруун жайдан 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор, ошондой эле калибри тактала элек ок-дарылар, шпагиндин сигналдык тапанчасы, маркасы тактала элек 4 тапанча жана 1 даана АК-74 автоматы табылган.

Атайын кызмат жашыруун жайды уюштурууга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 145