• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды

19 Бугу 202610:55 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Кадыр Досоновдун («Женго») уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун сакталган жерин аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында «Ош» эл аралык аэропортунун аймагына жакын жерде жайгашкан жашыруун жайдан төмөнкүлөр табылып алынды: аңчылык куралынын кесилген түрү — 1 даана, «Сайга» — 1 даана, ПМ — 2 даана, ошондой эле көрсөтүлгөн ок атуучу куралдарга тиешелүү ок-дарылар.

Азыркы учурда алынган курал-жарак жана ок-дарылардын келип чыгышы аныкталууда, ошондой эле жашыруун жайды уюштурган адамдардын ким экендиги такталууда.

Количество просмотров: 94