• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде жарандар мыйзамсыз курал-жарактарды ыктыярдуу түрдө тапшырууда

10 Теке 202510:39 Бишкек Govori.TV

Баткенде жарандар мыйзамсыз курал-жарактарды ыктыярдуу түрдө тапшырууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июндан 9-июлга чейин Баткен районунун аймагында «Арсенал» алдын алуу операциясы жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жарандар арасында укуктук аң-сезимдин жогорулашына түрткү берип, жарандар өз ыктыяры менен 78 даана ок атуучу курал, ондогон ок-дарылар жана 2 даана кол гранатасын тапшырышты.

Бул көрсөткүч — жарандардын коомдук коопсуздукка болгон жоопкерчилигин айгинелеп, мыйзамсыз курал-жарактын айланасындагы тобокелдиктерди азайтуу багытында маанилүү кадам болуп эсептелет.

Баткен ОИИБ жарандардын мындай жогорку жарандык позициясын белгилеп, ыктыярдуу түрдө тапшырылган ар бир курал мүмкүн болгон кылмыштын алдын алганын баса белгилейт.

Количество просмотров: 173