• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кара-Балтада саясий партиянын лидеринин унаасына ок чыгарышты

20 Чын куран 2021 10:21 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында белгисиз бирөөлөр саясий партиянын лидеринин унаасына ок чыгарышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, 20-апрелге караган түнү болжол менен түнкү саат 3 жарымда, “Элдик” партиясынын лидеринин үйүндө токтоп турган “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаага белгисиз жарандар ок атышкан.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Элдик-Народная» партиясынын жетекчиси Бадалов Назми Азреталыевич экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төмөндөгүлөрдү билдирди.

20-апрель күнү саат 07:52 чамасында жабырлануучу Жайыл РИИБине үйүнүн короосунда токтоп турган унаасынын терезесин белгисиз жарандар атып кетишкенин айтып кайрылган.

«Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда окуя түнкү саат 03:30 чамасында болгону аныкталган. Анда арыз ээсинин Тойота Камри унаасы зыянга учураган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Учурда тергөө иштери башталды, ошондой эле бул ишти ИИМ жана Чүй ОИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Количество просмотров: 158