• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Биздин шаарда коррупция өнүгүп жатат». Кара-Балтанын депутаттары мэрге нааразы болуп, Президентке кайрылышты

5 Жалган куран 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн АКИпресс маалымат агенттигинде басма сөз жыйын уюштурган Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Жыйынга шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк бөлүгү келген, алар Кара-Балта шаарынын мэрине карата чара көрүүнү суранышты.

Алардын айтымында, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана муниципиалдык иш алып баруу бөлүмдөрү талапка жооп бербейт. Ошону менен катар шаардын бюджетине бөлүнгөн акча каражаттар кайда жумшалып жаткандыгы тууралуу депутаттардын маалыматы жок.


«Урматтуу президент, буга чейинки жасаган кайрылууларыбыз сизге жетпей калууда, шаардын эле бийлиги жооп берип жатат. Андыктан маалымат каражаттарынын жардамы менен кайрылууну туура көрдүк. Биздин шаар кирге чөмүп, өнүкпөй жатат. Мыйзамсыз көрүнүштөргө мэр көз жумуп келет. Айта кетсек жол чекесинде мыйзамсыз курулган камоктор алынбай, тескерисинче ошол мыйзамсыз курулуштардын ээлери мэриянын камкордугунда болууда. Биздин сөзүбүз мэрге жетпей жатат. Шаардык кеңештин 31 депутаты бар, ал эми мэр алардын арасында интрига жаратып, бөлүп-жаруу аракеттерин көрүп жатат», — дешүүдө депутаттар.

Количество просмотров: 257