Талас облусундагы Кара-Буура районунда 4 адам күйдүргүгө (сибирская язва) шектелип ооруканага жаткырылды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 4 адам күйдүргүгө шектелип жаткырылган. 12-июль күнү алардан анализ алынган, азырынча лабораториялык жактан күйдүргү тастыктала элек.
Күйдүргү илдети аныкталган төрт киши менен байланышта болгон 53 адам көзөмөлгө алынган. Ветеринардык дарыгерлер таратылган малдын этин чогултуп, өрттөп жок кылышкан.