Талас облусунун Кара-Буура районунда күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн төрт адамдын анализдеринин жыйынтыгы чыгып, экөөнөн күйдүргү илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бейтаптар азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө.
«Лабораториялык изилдөөлөр аягына чыгып, 2 адамдын күйдүргүнү жуктуруп алганы белгилүү болду. Кийинки жума оорукандан чыгарабыз деп жатабыз. Абалдары канаттандырарлык», — деп билдиришти министрликтен.
14-июлда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрт адам күйдүргүгө шек саналып ооруканага жаткырылган. Ал эми союлган малдын этин алган он үй-бүлөдөгү 53 адам көзөмөлдө турат. Ветеринарлар союлган малдын эти толук жок кылынганын кабарлаган.