• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Талас облусунда мал базарга кеткен жарандын жансыз денеси табылды

27 Аяк оона 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон.

ӨКМ кабарлагандай, кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Жерине ӨКМден 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик кран менен унааны чыгарышкан.

Ал эми айдоочусунун сөөгүн издөө кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.

Бүгүн кайрадан таң эрте издөөнүн жыйынтыгы менен жеңил унаанын ээсинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине сөөгүн өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 521