• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Кара-Көл шаарынын мэри алмашты

29 Кулжа 202216:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Балташов Алмазбек Шүкүралиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конкобаев Талайбек Тажиматович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.

Количество просмотров: 124