Талайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескеме менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.