• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Көлдө тургундар эркек акушер-гинекологдун иштен кетүүсүн талап кылышты

21 Үчтүн айы 202221:56 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасында иштеген эркек акушер-гинеколог коркутууга кабылды.

Маалыматка ылайык Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген дарыгер-ординатор, акушер-гинекологду жергиликтүү жети-сегиз жаран коркутууга алган. 27 жаштагы дарыгер Ш.Ж. арыз менен милицияга кайрылган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы дарыгер арыз менен кайрылганын, териштирүү иши башталганын кабарлады.

Количество просмотров: 286