Маалыматка таянсак, учурда көмүр кенинде кезекте турган 300гө чукул унаа бар. Алардын көбү көмүр тартып сатуучулар жана тендерден уткан мамлекеттик ишканалар экендиги айтылат.
Ал эми «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасындагы катардагы кызматкерлери 2-3 күн мурда унаа көп болгондугун, бирок мезгил-мезгили менен абал жөнгө салынып турганын билдиришти. Ошондой эле, бул маселе боюнча мамлекеттик ишкана тарабынан расмий маалымат бериле тургандыгын кошумчалашты.
Булак: turmush.kg