• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кара-Кечени «Альфа» атайын бөлүмдүн аскерлери кайтарууда

5 Тогуздун айы 2021 18:48 Бишкек Govori.TV

Кара-Кечени «Альфа» атайын бөлүмдүн 12 аскери кайтарууда. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Биринчи радиого» берген маеги учурунда билдирди.

Анын айтымында, алар күзгү-кышкы мезгилде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылат.

«Бүгүнкү күндө мамлекет башчыбыз менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 12 кишиден турган «Альфа» командасын берди. Алар курал-жаракчан, биздин филалдагы 20 кишиден турган коопсуздук кызматкерлери менен чогуу кызмат өтөп жатат. Беш күн болду. Күз-кыш мезгилинде коопсуздукту сакташат. Калган ишканаларда, «Шарбон» жабык акционердик коому бар, ал жакка ИИМден аскерлерди сурап жатабыз»,-деди ал.

Количество просмотров: 2015