• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Кулжада калкты каттоо бөлүмүндө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды (видео)

18 Бугу 2023 13:31 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжа райондук калкты каттоо бөлүмүндө системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Т. жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматкери М.Т.А. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жарандардан төлөмдөрдү системалуу түрдө жүргүзүлүп турганы аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 251-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) боюнча аталган кызматкерлерге кылмыштын негизинде айып тагылган.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш боюнча Кара-Кулжа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Ж. дагы айып тагылган.

Количество просмотров: 41