• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштей баштады

23 Баш оона 2021 23:24 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору (КТБ) иштей баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы форматтагы КТБ Алыкулова көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан.

Жалал-Абад шаарынын калкты тейлөө борбору эң чоң калкты тейлөө борборлорунун бири болуп эсептелет, анткени анын аянты 700 чарчы метрди түзүп, айына 40 миңден ашуун жаранды тейлей алат.

Калкты тейлөө борбору «оpen space» форматында иш алып барат. Жетекчинин жана кызматкерлердин документтерди кабыл алуу үчүн жумуш орундары жалпы залда жайгашкан.

Калкты тейлөө борборунун коноктору үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Имараттын ичи кеп-кеңеш берүү, күтүү залы жана документтерди кабыл алуу зоналарына бөлүнгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы шарттар каралган. Электрондук кезек күтүү орнотулуп, ишти видеокамералар көзөмөлдөйт.

Жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлорунун ачылышы калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана мүмкүн болушунча документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтөт.

Жалал-Абад шаарында 2011-жылдан бери калкты тейлөө борбору иштейт. Борбордун жалпы аянты 478 чарчы метрди түзгөн, аталган КТБ 2020-жылы Жалал-Абад шаарынын жарым миллиондон ашык тургундарына мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ири 27 калкты тейлөө борборлору жана эки кичи калкты тейлөө борборлору иштейт.

Количество просмотров: 154