• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Кулжада жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

24 Бугу 202116:49 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжада районунда жол кырсыгынан 3 эркек киши оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү саат 00:22 чамасында Кашка-Жол айыл аймагынын Таш-Кыя тилкесинде Матиз-3 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу, рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен.

Натыйжада 3 эркек адам (аты-жөндөрү такталууда) оор жаракат алышкан. ӨКМдин №66 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнун куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 203