7-декабрь күнү саат кечки бештер чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жабыркагандар жок. Учурда унаалар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен жүрүүдө.
Бүгүн ал жерди Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Джантаев ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Э. Мусаев жана Жарандык коргонуу кызматтары менен жер көчкү катталган аймакка барып, кырдаалды көзөмөлгө алышты.
Жыйында ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин божомолу жана сунушу менен жеринде тазалоо иштери токтотулду. Ага себеп унаа жолго дагы болжол менен 360 000 м3 жер кыртышы түшүүсү күтүлүүдө.
Мындан улам аталган унаа жолду убактылуу жабуу, нөөмөттөрдү уюштуруу жана №26 Жол тейлөө ишканасына тезинен унаа жолду калыбына келтирүү боюнча долбоор иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар коюлду.
Ал жерде ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.
Белгилей кетсек, аймакта жер көчкү түшүү кооптулугу жогору экендиги тууралуу корутунду ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан 2022-жылдын 14-июнунда чыгарылып, эскертүү берилген.