• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки өспүрүм кармалды

24 Бугу 2022 12:43 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургунун зордуктоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 17 жаштагы Н.И., жана анын теңтушу Ю.М., болгон.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 17-майда кечки саат 17:30дар чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салып, күч колдонуу менен зордукташкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 154-беренесинин белгилери менен иш козголуп, тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Количество просмотров: 653