• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Сууда 39 жаштагы жаранды атып кеткендер кармалды

29 Кулжа 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда 39 жаштагы жаранды атып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 26-июнга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Кара-Суу райондук милицияга 39 жаштагы А.А. аттуу жаранды белгисиз адамдар атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Натыйжада А.А. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Мындан сырткары, документи жок ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал далил катары алынып, ага соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Кара-Суу райондук милициясы тарабынан кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын 1972-жылы туулган М. А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу тургундары кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Кылмышка шектүүлөр соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Количество просмотров: 375