• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кара-Сууда үч бала иске ууланып каза болду

15 Бештин айы 202515:42 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында үч бала көмүр исине ууланып каза болгону белгилүү болду.

Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, 10-декабрда Баш-Булак айыл аймагынын 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн.

Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги тастыкталган.

Бул факты Кара-Суу райондук милициясында каттоо алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 106