• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто иске ууланып 3 киши каза болду

24 Бирдин айы 20229:00 Бишкек Govori.TV

Оштун Ноокат районунда үч киши иске ууланып көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 21-февралга караган түнү Көк-Бел айылында болгон. Алардын сөөгү эки күн үйдө жатып калган. Көз жумгандардын бири 63 жаштагы эркек, экинчиси 62 жаштагы аял, үчүнчүсү 9 жаштагы бала.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аларга күч колдонулбаганын далилдеген. Каза болгондордун жакындары сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, маркумдардын өлүмү боюнча эч кандай доосу жок экендигин билдиришкен.

Количество просмотров: 211