Ош шаарында 33 жаштагы келин беш баласы менен (үч кыз, эки уул) иске ууланып, беш жаштагы уулу чарчап калды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-февралда болгон. Көмүрдүн исине ууланган эне балдары менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.