• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Инстаграм кызыктары: Депутат улак тартып, балбан кыз бийге түштү (видео)

23 Үчтүн айы 201815:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.01.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты  Жанар Акаев кызуу талашка түшкөн атчандардын ортосунда улакты бекем  такымга басып, улуттук көк бөрү оюнун ойноп   жаткан видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жүктөп, «Улакчы баатырларга тең келүү  кыйын албетте, бирок аракет кылдык»-деген пикирин  видеосунун алдына калтырган.

https://www.instagram.com/p/BeRuRlan84z/?taken-by=janarakaev

Бул аталган видео  ишемби күнү Оштун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында жергиликтүү тургундардын бири атасына аш берген учурда тартылган. Анда  байгеге үч унаа, 10 тай жана башка майда жандыктар коюлгандагы айтылат.

Ал эми Кыргызстандын спорт жана жаштар иштери тармагында олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча 2017-жылдын «Мыкты спортчу айымы» атыккан  балбан кыз Айсулуу жай каалгып айланып  бийлегенин өзүнүн Instagram баракчасына  жайгаштырып, «Убакытты баалагыла, өзүңөрдү сүйгүлө»-деп жазган.

https://www.instagram.com/p/BeNWfAHhCO3/?taken-by=tynybekova.aisuluu

 

Количество просмотров: 27