• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кара-Сууда курал-жарак сакталган жай табылды

16 Жетинин айы 202311:36 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун Жим айылында курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган.

«КР УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара маска, 1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап сакталган жай табылган. Жогоруда аталган курал-жарактар маалыматты каттоо журналынын алкагында алынды, эми тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда курал-жарак сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 175