• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, 5 бөлүм тартылды

4 Аяк оона 2023 11:21 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кашкар-Кыштак айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 2:02ден тарта 5 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 2:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 82