Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин ордуна Канат Табалдиев келди. Бул тууралуу Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жаңы дайындалган аким бүгүн жалпы жамаатка тааныштырылган.
Эске салсак, Абыкеев көп суммада пара алууга шек саналып жаткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 26-июлда Темирболот Абыкеев көп суммада пара алууга шек саналып жатканын кабарлаган. Атайын кызмат Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө Абыкеевдин катышы бар экени тууралуу маалымат түшүп, териштирүүдө ал пара алганы аныкталганын кошумчалаган.
Ош шаардык соту 23-июлда Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасын карап, аны тилкат менен бошоткон. Мурдагы аким коюлган айып боюнча комментарий бере элек.