• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Караганда бийлиги ботаникалык бакты шаарга кайтарууну талап кылган митингге уруксат берди

20 Бугу 2022 19:00 Бишкек Govori.TV

Караганда шаарынын бийлиги жеке тарапка өтүп кеткен мурдагы ботаникалык бактын аймагын шаарга кайтаруу талабы менен өтө турган митингге уруксат берди.

Митинг өткөрүү ниети тууралуу акимчиликке жергиликтүү журналист, Караганда облусунун коомдук кеңешинин мүчөсү Ботагоз Омарова эки жолу арыз берген. Алгач калаа бийлиги ботаникалык бактын алдында митинг өткөрүүгө болбой турганын билдирип, уруксат берүүдөн баш тарткан. Экинчи жолу журналист митинг уруксат берилген башка жерде өтөрүн жазгандан кийин акимчилик эч кандай каршылык билдирген эмес.

Омарованын айтымында, митинг 11-июнда Караганда шаарынын борборундагы Абайдын эстелигинин жанына белгиленди. Түшкү саат 12ден 3кө чейин өтө турган акцияга 200гө чейин киши катышат деп күтүлүүдө.

«Биздин буга чейинки аракеттерибиз эч кандай жыйынтык берген эмес. Эми митинг жардам берер деп атабыз. Талаптарыбыз негиздүү: парк аймагы шаардыктарга кайтарылышы керек. Ботаникалык бакта имараттар курула элек жерлер көп, аларды сактап калуу зарыл. Азыр бардыгы биздин позицияга көз каранды. Ботаникалык бак маселеси өкмөттүк деңгээлде коюлушу керек. Өлкөдөгү абал ушундай майда кадамдар менен өзгөрөт деп үмүттөнөм», — деп билдирген Омарова.

Ал митинг катышуучуларынын коопсуздугун сактап берүү жана ыктымал чагымчылдыктардын алдын алуу өтүнүчү менен полиция менен прокуратурага кайрыларын кошумчалады.

Бир нече жыл мурда Караганданын активдүү тургундары ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин администрациясына кайрылып, ботаникалык бакты шаарга кайтаруу боюнча чараларды көрүүнү өтүнүшкөн. Бирок анда маселе чечилбей, андагы дарактар кыйылып, курулуп жаткан объектилердин саны көбөйгөн.

Количество просмотров: 141