• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Каракол–Эңилчек унаа жолу ачылды

25 Үчтүн айы 202517:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-январь күнү Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунда абал турукташкандыгына байланыштуу унаа жол эки тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда 2 инженердик техника нөөмөттө турат, ал эми жылытуу пункту жарандарды кабыл алууга даяр.

Эске салсак, 2025-жылдын 23-январында адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында унаа жолу эки тараптуу жабылган.

Количество просмотров: 223