• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

9 Үчтүн айы 202521:55 Бишкек Govori.TV

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда аталган унаа жолдо кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болгон. Ошондой эле 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Мындан улам өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырым аралыктары 10-январга чейин жабылды.

Учурда №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 229