• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Каракол коррупцияга каршы! 9 адам катышкан акция жыйынтыкталды

25 Жетинин айы 201913:00 Бишкек Govori.TV

Караколдо коррупцияга каршы митингге чыккандар, акцияны жыйынтыкташып тарап кетишти. Буга чейин сот митин өткөрбөө тууралуу чечим чыгарган. Ага карабастан өз пикирлерин айтууга шаар тургундары чыгышты.

Алардын айтымында учурда коррупцияга каршы чыгып жаткандарды колдоо максатында акцияга чыгышкан. Бирок, соттун тыюу салган чечимиге ылайык, чогулгандарды стадионго жиберишкен. Стадиондон акциясын уланткан саналуу жарандар учурда өз талаптары айткан соң тарап кетишти.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/2780713241974096/

Ал эми Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында өлкөдөгү коррупцияга каршы өтүп жаткан митинг да жыйынтыкталды.

Эске салсак, жарандар «Азаттык», «Клооп» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин акцияга чыгышкан.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда. Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алар акциянын башталышында Кыргызстандын гимнин аткарышып, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын аты-жөнү жазылган тактага гүлчамбар коюшту.

Количество просмотров: 222