• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Каракол шаарынын мэрлине талапкерди «Табылга» фракциясы көрсөтөт

11 Баш оона 2018 9:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.08.2018. Govori.TV.
Каракол шаарынын мэри кызматтан алынса кайра эле «Табылга» фракциядан мэрликке талапкер көрсөтүлөт. Бул маалыматты бүгүн шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев Govori.TV агенттигине билдирди.
“Табылга” фракциясынан талапкер көрсөтүлөөрү чындык. Бирок ким көрсөтүлөөрү азырынча белгисиз. Негизгиси биз шаарды өнүктүрүү максатын көздөп, бул багытка күч-аракетибизди жумшай беребиз”,- деди Айтбаев.
Каракол шаардык кеңешинде жалпы 31 депутат бар. Алар Арапчиевдин 2017-жылы берген отчетуна канааттанбаганын айтышкан болчу.
Количество просмотров: 27