• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Судьялыкка талапкерлердин резервдик институту киргизүүдө

25 Кулжа 202613:57 Бишкек Govori.TV

Биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институту киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда «Кабар» агенттингинде өткөн маалымат жыйында айтылды.

Бүгүнкү жыйында соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүү, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо маселелери тууралуу маалыматтар берилди.

Ал эми КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакуновдун айтымында, 2025-жылдын аягында «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин адистери «КР судьялык кызмат орундарына талапкерлерди электрондук тандоо» санариптик тутумун иштеп чыгышкан. Бул платформа сынак аркылуу тандоонун бардык процесстерин толугу менен автоматташтырууга багытталган.

Ал белгилегендей, жаңы механизм конкурстун жол-жоболорунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга, биринчи инстанциядагы соттордун бош судьялык кызмат орундарын өз убагында толтурууга, ошондой эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууга багытталган.

«Талапкерлер өздөрүнүн жеке кабинети аркылуу каттоодон өтүп, документтерин тапшырышат, тестирлөөдөн өтүп, жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышат жана акыркы маектешүүдөн өтүшөт. Жыйынтыктоочу натыйжа бардык турлар аяктагандан кийин түзүлөт. Алынган маалыматтардын негизинде бош турган кызмат орундарына сотторду дайындоо маселеси ыкчам түрдө чечилет», – дейт ал.

Количество просмотров: 14