Каракол шаарынын 150 жылдык маарекесине карата анын түндүк тарабынан кире беришине «Ысык-Көл ааламдын кареги — Азиянын борбору» аталыштагы арка орнотулду. Бул тууралуу шаар мэри Адыл Каниметов билдирди.
Анын айтымында, ага марафон аркылуу каражат чогултулган.
«Эшигин көрүп, төрүнө өт» деп айтылат эмеспи. Шаардын кире бериши шаар макамына жооп берсе деген максатта жасалды», — деп билдирген Каниметов.
Кошумчалай кетсек, Ысык көлдүн чыгыш жээгинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары,кыргыз-кытай чек арасынан 150 километр аралыкта жана Бишкек борбордон 380 километр аралыкта. Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп саналат. Анын аянты 44 чарчы километр, ал эми 2019-жылы туруктуу калкы 79 330 адамды түзгөн.