• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Караколдо милиция кызматкерлери энеси арак ичип, суукта калган баланы табышты

13 Үчтүн айы 2022 13:35 Бишкек Govori.TV

Караколдо милиция кызматкерлери тоңуп калган балага жардам беришти. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол ШИИБдин кызматкерлерине калаанын тургуну кайрылып, көп кабаттуу үйдүн короосунда көптөн бери суукта чоңдордун көзөмөлү жок 6-7 жаштагы бала жүргөнүн айткан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, баланы табышкан.

Шаардык милициянын инспекторлору балага ысык чай берип, суракка алышкан. Жети жашар баланын айтымында, апасы көптөн бери мас абалда жүрөт. Акыркы жолу чогуу басып баратышканда аял көчөдө уктап калган бала андан ары жолун өзү улаган. Кайра кайтып келгенде, апасын таппай калган.

«Милиция кызматкерлери бөбөктү балдар үйүнө убактылуу жайгаштырып, андан соң энесин издөөгө киришкен. Көп өтпөй шаардын көчөлөрүнүн биринен аны мас абалында табышкан. Баласы кайда деген суроого аял түзүк жооп бере алган эмес. Чогулган материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн мэриянын балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 130