Каракол шаарында 3 унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 27-сентябры күнү 17:38 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карасаев-Масалиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа оңдоочу жайда 3 унаанын сырттары күйгөн.
Жеринен алынган сүрөттөр
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №15 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 17:48де толугу менен өчүрүлгөн.