Каракол шаарындагы Жеңиш паркына 3 миллион 418 миң сомго коомдук ажаткана курулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда курулушту фонд өзү каржылайт. Долбоордун сметалык баасы 3 миллион 418 миң сомду түзөт.
«Курула турган аянтты жана долбоордун сметасын Каракол шаарынын мэриясы түздү. Бүгүнкү күндө даараткана куруу боюнча келишим «Чынгыз Интернэшнл Групп» ЖЧКсы менен түзүлгөн»,-деп белгилейт фонддон.
Долбоордун болжолдуу наркына төмөнкүлөр кирет:
– Түздөн-түз чыгымдар;
– техникалык жана эмгек чыгымдары;
– кошумча чыгымдар;
– Сметалык пайда.