• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Караколдо Ашлямфу-фест фестивалы уюштурулуп жатат

1 Теке 201917:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгилеп жатат.

Маалыматка ылайык, шаардын туулган күнүнө карата «Улут баскан улуу жол — III» аттуу фестиваль өтүп жатат. Анын алкагында Ашлямфу-фест фестивалы уюштурулуп, анда 1,5 тонна ашлямфу бир нече убакытта жасалды.

Даярдалган Ашлямфу жергиликтүү тургундарга жана конокторго таркатылып, бир эле таркатуу пункту иш алып баргандыктан ал убакта кезек топтолуп, адамдар бирин-бири жөөлөшүп бекер Ашлямфунун даамын татууну каалагандар көп болуп жатканы айтылды.

Ошондой эле, мааракеде боз үй тигүү, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагы болуп, акындык өнөрлөр тартууланып, улуттук кийимдер, каада-салттар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, шаардын негизделиши боюнча көргөзмө жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулуп, ал эстрада ырчыларынын гала-концерти менен коштолмокчу.

Иш-чарага өлкөнүн аймагынан 2 кыз, 2 эркек алптар келип, тургундардын көңүлүн өзүнө бурууда.

Количество просмотров: 26